өлүк
- Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү.
- өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн.
- өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Өлүгүн ойго түшүрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өчөшкөн бала Чигитей, / Өлүгүн илип найзага, / Так көтөрүп муну алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Анти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Өлүктү көмүшүп коюп, мен өстөнгө кайра чыгып кеттим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →