өлчөм
- Бир нерсенин белгилүү бир чеги, чени, салмагы, ченеми, көлөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п найза сундуруп, / Күүсү кулак тундуруп, / Качырышып беттешти, / Жан айабай сайышып, / Найзаларын кагышып, / Чама келип чарк жетсе, / Өлтүрө сайчу жерлерин, / Өлчөмдөшүп алышып, / Өлчөмдүү жерин тиктешип, / Алдыңкы эрдин тиштешип, / Кап сениби шүк дешип, / Кара жанга күч келип, / Аманат жандан кечкендей, / Кылга байлап таштады,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Күн менен түндүн өлчөмү, / Караңгы, жарык өлчөдү, / Тараза жылдыз батыптыр, / Таң сүрүлүп атыптыр, / Жеңилгенсип Чынаача, / Уктабастан жатыптыр, / Түпсүз ойго батыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайнатма кара дарыны, / Кадага чылап жаткырып, / Бугу, кулан сүтүнөн, / Кошо аралаш жасаган, / Кубаттуу нечен дарыны, / Өлчөм менен ичирип, / Сагаза гүлүн жыттатып, / Кызыл гүлдүн суусунан, / Дем албастан тамызып, / Таң атканча уктабай, / Шамды жарык жагышып, / Көкбука, Абыл, Жетилбай, / Тулпарларды багышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Анын өлчөмү канча экенин караңгыда ажырата албай калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →