өлчөлүү

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чеги бар, аябай көп эмес, мерчемдештирилген, чектүү, чектелген санда, чектелген көлөмдө, белгиленген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жер кашатты бетке алып, / Жыдыман менен кароолду, / Так өлчөлүү ченге алып, / Чендеп доңуз караса, / Топчулугун топчулап, / Кара бойун упчулап, / Каарына карк толуп, / Көзүнөн чыккан учкуну, / Төбөсүндө көрүнүп, / Анык байкап караса, / Ок өтөр жери жок болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүтбоздун тарап кыл жалын, / Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, / Артынан тартып ак кадек, / Кир жукпай калган мезгилде, / Өлчөлүү дары күпсөрдө, / Кур дедире куйду эле, / Аркасына сүмбөнү, / Майлык менен урду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →