өлчө
- Бир нерсенин оордук салмагын, көлөмүн же узундугун ченөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Батыш менен чыгыштан, / Баш көтөргөн ким болсо, / Түгөтө кырып олжо алды, / Саламат анда тең алды, / Хан Калдыктын колунда, / Адам өлчөп билгисиз, / Ар түрдүү бар жарагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Укурук боолук алышып, / Өлчөп минчүү аттарын, / Кармап келе калышып, / Кетичүдөй эми эле, / Чигитей менен чабышып, / Алжан-алчын – эки урук, / Тайарланып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мына бул турган Сейитим, / Кененимдин баласы, / Манас экен бабасы, / Адам өлчөр киши эмес, / Эрдиги менен айласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →