өлгүчөктү
- Өмүр бою.
- Абдан, аябай, жеткен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байлаарыңа бээ берет, / Сойуп жесең кой тайар, / Былк этпей жатып жесең да, / Өлгүчөктү бардыгы, / Үйүңдө турат дапдайар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыз кызыгын эске алып, / Кыткылыктап Тапан хан, / Эртелеп ичип тамагын, / Жатаарга жетпей ашыгып, / Жарыкта чечип чапанын: / Жакын келгин, күйгөнүм, / Жанымды берип сүйгөнүм, / Күндөгүдөн көбүрөөк, / Ысып барат жүрөгүм, / Кирпигиң тиктеп качан деп, / Сени күйүп жүрөмүн, / Өлгүчөктү жолдош деп, / Өмүрүңдү тилейим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →