өкүрөңдө
- Өкүрөң-өкүрөң этип чуркоо, басуу.
- өт. Жөнү жок эле урушуп, тилдеп кирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билегинен күч кетти, / Өпкөнүн кара тамырдан, / Кунан уйдун белиндей, / Өкүрөңдөп кан кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катай сурай салыптыр, / Катайдан угуп Батайы, / Өкүрөңдөп өксөдү, / Көзүнүн жашын төккөнү, / Өлүмдөн катуу угулган, / Отордун айткан сөздөрү, / Учурап уккан кептерин, / Калтырбай айтып өткөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Көк бука, / Өкүрөңдөп жүгүрүп, / Өтө берди төрт бута.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →