өкүрүк

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Өңгүрөп катуу чыккан үн, катуу мөөрөгөн үн.
  2. Бакырык, кыйкырык, чамынып албууттанып, жинденип, кыйкырып бакыргандык.
  3. Бакырып-өкүрүп ыйлагандык, өңгүрөп боздоп кыйкырып ыйлагандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өкүрүк менен акырык, / Оң-тескери бакырык, / Отор калмак кыйкырат: / Абдумаалүк, колдо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карбаластап калдаңдап, / Ит куугандай барбаңдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Этектери далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Эки жеңи балбаңдап, / Өкүрүгүн басалбай, / Жумулган көзүн ачалбай, / Чалды-куйду түшүрүп, / Сөзүн жакшы айталбай, / Коркуп калган кези экен, / Кара жанын каталбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өкүрүгү таш жарып, / Өксүп Чубак барыптыр, / Булар минтип жатканда, / Кыйыктан таап бир жолду, / Кытайлардын үч дөөсү, / Качып кетип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сөз өткөрүп Кумсарга, / Күпүлдөдү Куунайза, / Куткарбастын үйүндө, / Өкүрүгү таш жарып, / Дүпүлдөдү Куунайза. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошол кезде төмөн жактан топ кишинин өкүрүгү чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →