өкүр

китептерде 59 жолу, 10 китепте
  1. Өңгүрөп, катуу үн салуу (бука. топоз жөнүндө); катуу өңгүрөп мөөрөө.
  2. Бакырып кыйкыруу, катуу чамынып кыйкыруу.
  3. Өлгөн адамга үйдө өлүгү жаткан кезде же өлүгү көмүлгөнүнө көп убакыт өтө элек мезгилдин ичинде, эскерген сөздөрүн айта жоктоп үн чыгаруу, ыйлап келүү (эркектер жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бала жолборс Бекбача, / Манастап баатыр бакырып, / Алманын башын жапырып, / Өкүргөндөн бакырып, / Өрүктүн башын жапырып, / Аркасынан тозоңду, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…иришти, / Кан аралаш сары суу, / Агып жатат денеден, / Колдоруна түкүрүп, / Күн күркүрөп жаткандай, / Талаанын бети өкүрүк, / Жер чапчыган букадай, / Күчөнүшүп өкүрүп, / Тополор уйуп тоз түшүп, / Топурак учуп боз түшүп, / Топого булар көмүлүп, / Асман ачык жер бүркөк, / Жел чыкканда зыркырап, / Асман көпкөк көрүнүп, / Кудай … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…түнө сары жамынып, / Колуна кызыл байлатып, / Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлүгүн жерден ала албай, / Ак кепиндеп, аруу жууп, / Өкүрүп ыйлап, кеме албай, / Табалбай аны биз койдук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →