өкүмсү

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Өкүм сыяктуу, колунда бийлиги бар адам көрүнүүгө аракет кылуу.
  2. Өткүрсүнүү, кыйынсынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ээрден көчүк бултайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Пилден ооп кыйшайды, / Жер тайанып жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Өкүмсүгөн Илебин, / Бу да көрдү өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өкүмсүгөн айбандын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Тарамышын чырайтып, / Бүтүн жердин бетине, / Жан койбостой кыйратып, / Алдымда минген көк качыр, / Шодоңдотуп куйругун, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йылчылап барсаң, ал эркиң, / Абийирин бирөөн ачам деп, / Ат бастырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп жүргөн калмагың, / Сайып алган Көңтөйдөн, / Бүлдүргө тыйын албадым, / Катышып калса кол салып, / Айанып тура албаймын, / Кара жаным сактанып, / Баш катып туруп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлбөй чоро кутулду, / Өкүмсүгөн Кызыл дөө, / Эр Семеңе тутулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кырк алты күндүк жол калды, / Талас менен маңгыттын, / Орто жери арасы, / Муну мындай таштайлы, / Кара жолдо бутташкан, / Бакдөөлөттүн өкүмсүп, / Өлгөнүнөн баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →