өкүм1
- Бир нерсеге карата чыгарылган кандайдыр бир иш боюнча аткарылышы милдеттүү болгон бүтүм, буйрук иретиндеги чечим, жыйынтык; иш каралгандан кийинки соттун чечими.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлтүрсөң өзүң билесиң, / Өлтүрүп таштап Шоорукту, / Өкүмдү берип бирөөнө, / Айдасаң айдап ийесиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимдин өткүр миз, / Өкүм болот найзасы, / Кабылдай сайды соотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Падышалык өкүмдөн, / Жаркырап чырак жагылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →