өкчө1

китептерде 3 жолу, 2 китепте өкчө 2 →
  1. Чүкө оюнунда чүкөнү кондуруу максатында үйүрө ыргытуу, калчоо.
  2. өт. Толук өз бийлигинде алып жүрүү, оюндагыдай баш ийдире кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өкчөсөк сака утарбыз, / Өчөшсөк башын жутарбыз, / Карчашсак сака утарбыз, / Кармашсак башын жутарбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өткөн күнү өкчөштүк, / Жан айабай салышып, / Ошол күндү өткөздүң, / Ойноп чүкө карчаштың, / Каруулашып кармаштың, / Мен барайын алдында, / Тилимди алсаң барбагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калбаны катуу баштадым, / Жеткен жерде Коңурдун, / Найзасын кагып таштадым, / Имергенде өкчөдүм, / Алгаранын үстүнөн, / Аңтара сайып өткөмүн, / Тап этинде Кылжейрен, / Алгара менен койгулап, / Көрүп калдым караанын, / Кетип бара жатканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →