өктөмдүк
- Өкүмдүк, өткүрлүк, атырылган мамиле, мүнөз, сапат, үстөм болуу аракети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас өткөндө, / Өктөмдүк кылып Коңурбай, / Таласка келип катышкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өлгөн сайын өөрчүдү, / Өктөмдүгү күчөдү, / Түгөнгөн сайын түтөдү, / Тукуму мунун күчөдү, / Чамбыл бел эми жер болбойт, / Каңгайды карай көчөлү, / Аркалар урук-тууганды, / Моңгулду карай өтөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →