өктө
- Орундалбаган доо, ишке ашпаган тилек, өкүттө калгандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кечирим кылды хан Калдык, / Бир далай туруп жымыйып, / Өлүмдөн калды кутулуп, / Өктөгө калды тутулуп, / Жергесинен айрылып, / Кургак наамы хан болуп, / Каракөз турат култуйуп, / Ачыбаган камырдай, / Бопбоз бети былтыйып, / Түрө карап алдыртан, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каңгайга барсам табамын, / Ким үчүн минтип калганым, / Өктө кылып айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
адам билгисиз, / Кара Черүү калганы, / Эсен ханды көргөндө, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Мурдагыдай жүгүнбөй, / Таазим кылып бүгүлбөй, / Өрт көрүнүп көзүнөн, / Өктөсү чыгып сөзүнөн, / Каадалап ханын жатпады, / Каарлуу сөзүн баштады: / — Капкайдан келип алаштар, / Түрк улуу элге кол салды, / Түрк улуу мында келишке, / Кытайда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан кыраан семетей, / Өктөсүнө калбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өктөсү жок болсун, деп, / Ойрот баатыр айтты, деп, / Барып айтып сен келгин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →