өксө

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Буркурап-боздоп ыйлоо, боздоо, катуу ыйлоо.
  2. өт. Катуу ызылдоо, улуп-уңшуган үн чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлтүрүп койсоң биздерди, / Өлүптүр деп күйүнбөйт, / Өксөп ыйлап барсак биз, / Өлбөй аман келди деп, / Кабагын ачып сүйүнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…уук болду, / Көк-жашыл чөптөр кубарды, / Сайрабай куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай, терек өспөдү, / Какшап калкы өксөдү, / Атактуу Кеңкол жети төр, / Ыраңы кетип өзгөрдү, / Талаанын баары чаңдады, / Канаттуу учпай калганы, / Көлдөрү толкуп чайпалды, / Токтобой Талас чайкалды, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
— деп, / Сараладан бүк түшүп, / Хандыгына карабай, / Өксөп Алмаң кучактап, / Сөөктү турду чөк түшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ботодой боздоп буркурап, / Бүткөн бойу зыркырап, / Жаш кулундай чыркырап, / Буулугуп үнү кыркырап, / Өлөмүн деп көгөрүп, / Өксөп ыйлап жатканда, / Кайраты артык Көкжал шер, / Кененим келди жанына: / — Ээ, эси жок көк кемпир, / Сеники эмес Сейити, / Экөөбүзгө тең эле, / Ата–энеси биз тургай, / Калың элге бел эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өлсөң башың өлбөйбү, / Өксөбөй келсең болбойбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →