өксү1

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Жетише бербегендик, кем болгондук, кемип, жетпей тургандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асыл минген Майтору, / Айбандан эстүү жаныбар / Асылга найза жеткенде, / Октос берип ыргыштап, / Өксүтө берип кеткенде, / Суурулуп найза калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки көзү алактап, / Эки буту салактап, / Алдындагы аларга, / Кош кулагы салактап, / Эңишке келсе узарып, / Эликтей колу сайылып, / Жал-куйругу жайылып, / Өксүтүп кетет Алгары ат, / Өз тайасы жетишет, / Өкүм күлүк Аккула ат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн-түнү жок өксүтпөй, / Мөөнөт менен көз салып, / Ак эшикке туруңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бири өлсө бири бар, / Атасы өлсө уулу бар, / Агасы өлсө ини бар, / Манас менен Коңурбай, / Ак калпак кыргыз, моңгулдар, / Арада канча кан акты, / Өксүтпөй намыс талашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мен өксүп калып, өйдө көтөрүлүп бараткан жоруга оозумду ачып, аңырайып калыпмын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →