өйүз-бүйүз
- Суунун, өзөндүн ж.б. эки жак жээги, маңдай-тескей тарап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттанган эрлер шаңданып, / Карагандар таңданып, / Өйүз-бүйүз эки кол, / Карап турат жарданып, / Сапта турган жандар көп, / Андай салттуу хандар көп, / Телегей кийген андан көп, / Темир кийген балбан көп, / Телмирип турган андан көп, / Теминип турган тентек көп, / Чынар менен эр Мурат, / Беттеше келди эки лөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Адам өтөөр коосу бар, / Өйүз-бүйүз заңкайып, / Кабышып турган зоосу бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баары турду карашып, / Баатыр Тапак, Куунайза, / Салгылашып майданда, / Эрлик жолун талашып, / Өйүз-бүйүз көпчүлүк, / Бирин бири марашып, / Каадасыз көнгөн Куткарбас, / Куунайзаны жемелеп, / Качырып кирди жан ачып, / Куткарбасты көргөндө, / Кайра качты эр Тапак, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жылгадан суулар жыбылжып, / Күлгөндөй гүлү жыбырап, / Кеңколдун өйүз-бүйүзү, / Караса көзгө жымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →