өйүз

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Суунун, өзөндүн ж.б. экинчи жак маңдайы, бир жак жээги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Манастап ураан чакырды, / Манастын атын укканда, / Өйүздө турган Чынгыш хан, / Дегеле жаман шашылды, / Тикени бала качырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча Макил дөө, / Келип калды өйүзгө, / Тереңдиги дайранын, / Бир миң кулач жерде бар, / Макил дөөнүн айбатын, / Кулагың болсо угуп ал: / Бийиктиги миң кулач, / Шаңкерек экен мингени, / Алда канча дайраны, / Арыкта суудай билбеди, / Көлчүк кечкен букадай, / Көлбүгүп сууга киргени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өйүздө турган тетиги, / Нескара, Уушан, Мурадил, / Опколжуп жүрөк кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →