өйдөлө
- Жогорулоо, улам өйдө, бийигирээк чыгуу.
- Мурда белгиленген чектеги санды дагы көтөрүү, жогорулатуу.
- өт. Кызматы жагынан жогорулоо, жакшы, чоң кызматка көтөрүлүү, чоң кызматта иштөө, кадыр-баркы артуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
болуп, / Курчундун минип тагына, / Ээ болуп алып багына, / Кайтып келди хан Калдык, / Коктукаттын шаарына, / Мансаптарды чогултуп, / Кишиси көптүн мансабын, / Өйдөлөтүп чоңойтуп, / Мындайраак көздөө болгонун, / Эбин таап жоготуп, / Каранды кылды кара ниет, / Моңгулдун элин колбутуп, / Кыргызга бармак ойунда, / Моңгулду айдап к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сунган менен кол жетпей, / Өйдөлөп кетти кулпу эми, / Сексен жердей жолу бар, / Төбөсүнөн Абылды, / Аркан менен Салышты, / Ылдыйлап кулпу кол жетпей, / Ачар айла болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өйдөлөп барып асманга, / Эңиш тартып учту эле, / Үч аралдын кыркууда, / Качкан калмак Куталак, / Алдынан утур чыкты эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Он эки күндүк жол эле, / Күнү-түнү жол жүрүп, / Шашыкеде келди эле, / Чыккан жери Ташмойнок, / Түлкүлөр турат түздө ойноп, / Койкүрөңдү ойнотуп, / Кирип келсе өйдөлөп, / От жаккан жердин орду бар, / Күйүгүн кесип таштаган, / Караса жаткан боору бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →