өйдө-төмөн
- Жогору, ылдый баса берүү, жогору чыгып, ылдый түшө берүү.
- Көңүлгө туура келбеген, жаман сөздөрдү айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрдүңбү деп, баланды, / Сураганы андан көп, / Өйдө-төмөн чапкылап, / Чубаганы мындан көп, / Кулагы жок жыпжылма, / Мулуңдаган андан көп, / Жулунуп сакал, муруту, / Жулжуңдаган мындан көп, / Жаагынан каны куйулуп, / Т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас тапшырган, / Хандарга айтып мындай кеп: / — Кара аскерди базарга, / Койо бербе бекер, — деп, / Өйдө-төмөн иш өтсө, / Кыласың менден кекер жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрөр көзгө деңиз жок, / Өйдө-төмөн бурулуп, / Шамал чыкты удургуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Этек-жеңин түрүшкөн, / Өйдө-төмөн сүрүшкөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →