өйдө
- Жогору, жогору жак, ылдыйдын карама-каршысы.
- Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөрдөн кийин келип, ошонун, ошол нерсенин өзү кошулуп эсептеле тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат.
- өт. Айырмасы, сапаты ж. б. жогору.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатыр тууган кара көк, / Андай урган найзанын, / Кагып көнгөн канчасын, / Балта менен Бекбача, / Балтаны өйдө какканы, / Балта тийген куу найза.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кол кубанып мемиреп, / Баштагыдан дагы өйдө, / Болуп калды эр Чүрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Не дегенин билбедим, / Ат откозуп талаада, / Эшик өйдө жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →