өзөндүү
- Өзөнү бар, суусу бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгызектин Бактыбай, / Акылы бар ар кандай, / Өзөндүү жерге кезигип, / Өргүтүп элди түшүрдү, / Кароолчунун барысын, / Колу-бутун кишендеп, / Эки күнү күтүндү, / Жигиттердин ыктуусун, / Иш кылалчу мыктуусун, / Ар тарапка таратты, / Коросон менен испандан, / Келер жагын каратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачуусу келип Сейиттин, / Ач кыйкырык үн салып, / Найзасын алып колуна, / Тосо чыкты мастанды, / Жазганбастан жолуна, / Камындырбай мастанды, / Сайайын деп жапшырып, / Өпкө боорун капшырып, / Өлүгүн таштап кетейин, / Өзөндүү сайга тапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өзөндүү булак сазында, / Өрдөк менен каз аңдып, / Кең Таластын бойунда, / Алакөлдүн ойунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өзүң көргөн жол менен, / Өзөндүү булак тал менен, / Элчиликке келбесе, / Теңчилик сөзгө кирбесе, / Бакдөөлөттөн бешбетер, / Жекеле жалгыз мен десе, / Жалаң атчан, жалгыз баш, / Кайдан келдиң сен десе, / Коромжуну койбойбуз, / Коркутканга болбойбуз, / Келтиребиз эбине, / Келтиребиз болбосо, / Келбей турган жерине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Жылганын күнгөй бетинде, / Аскалуу таштын тегинде, / Өзөндүү суунун жээгинде, / Бир топ бугу кочурап, / Жайылып турат бир жерде, / Карды ачып кайышкан, / Чамасы жок тайгандар, / Бугуну басып жээрге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →