өзөн

китептерде 86 жолу, 10 китепте
  1. Чоңураак агын суу, дарыя, суунун сайы.
  2. Суунун алабы, өрөөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эңиш тартып киргенде, / Кайра качар жери жок, / Бир өзөндүн ичи бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ышып, / Эки санын артышып, / Хандар татып койсун, деп, / Тазбайматка айтышып, / Куу түлкүнү издешип, / Атынын башын тартышып, / “Өрдөктү көлдөн аттык, — деп, / Өзөндүн жолун ачтык – деп, / Кулжасын төрдөн атты, — деп, / Тоонун жолун ачтык, — деп, / Куу түлкү кармап алалы, / Куу Коңурбай тажаалга, / Туйундурбай баралы, / Түртү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →