өзөк1

китептерде 73 жолу, 10 китепте
  1. Өсүмдүктөрдүн сабагынын же тамырынын ортосундагы узатасынан кеткен көбүнчө жумшагыраак келген борбордук бөлүгү.
  2. Өсүмдүктөрдүн жалбырак, гүл жана мөмө алуучу негизги бөлүгү, сабагы.
  3. Ички тамак өтүүчү жолдор; ички бөлүк, ич.
  4. Кандайдыр бир нерсенин ортосуна салынган нерсе же ортодогу бөлүгү.
  5. өт. Негиз, ойдун тамыры, башкы касиет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…де таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / Токтолуп калган жери жок, / Чаалыккансып талышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…м дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Карамендер чоң басып, / Жандата атып салдым, — деп, / Белге чыгып элейип, / Мени көрбөй калды, — деп, / Жерге кирсин көр дүйнө, / Аттарын өзү алсын, — деп, / Өзөктөн каның жайбасын, / Жан куткаргын барың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул Канчоро кара ниет, / Өздөн чыккан жат болду, / Сегиз күндө келгиле, / Өзөктөн күйгөн өрт болду, / Калганын кийин көрөрбүз, / Бакай айтып токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзөктөн чыккан өрт болдуң, / Өздөн чыккан жат болдуң, / Канчоро бүгүн хан болдуң, / Кан ичип жолуң шар болдуң.! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →