өзүнчө
- Башкалардын жардамысыз, өз алдынча, өз бетинче.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алым келет душманга, / Өзүнчө келип катышты, / Саламын башын душманга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдун өңү бузулуп, / Кең дүйнөсү кысылып, / Өзүнчө басып кара тер, / Бешенеси нымыгып, / Көлдөлөңдү алабы, / Көрпөчөнү салабы, / Капшытын ачып шыкаалап, / Келатканды карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Деп сүйлөнүп Жаңжуңга, / Көтөрүлүп өзүнчө, / Куу чаптар менен жөнөдү, / Карааны тоодой көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айбалтанды чың карма, / Сен да өзүнчө баатырсың, / Айалуу жаның капырсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →