өзгөчө
- Артыкча, бөтөнчө, айрыкча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросон менен Жедигер, / Биригип келген эл эле, / Кененим өзү хан кылган, / Коросондо жаңы хан, / Жедигерде Жаанбай, / Жергесинен Кыйаздын, / Жээн жагынан туулган, / Каракөз деп бир бала, / Өзү өткүр тили так, / Өзгөчө болгон бул бала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өкүмү эки болбогон, / Өзүн кудай колдогон, / Өкүмү күчтүү төрөбүз, / Өткүрлүк кылып койсоңуз, / Биз өзгөчө кордук көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрбөгөндөр күбүрөп, / Өзгөчө жаман түрү — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Оозумдан чыгып кетти, — деп, / Өзгөчө болду аттары, / Болгону болду белейин” – деп, / Асылбача – Бекбача, / Айтылып калган экен деп, / Ошол айткан кептерди, / Карылардан эл билет, / Кененимдин кеби, деп, / Сен туулганда атыңды, / Койгон экен Сомбилек, / Улууңдун атын Чигитей, / Койсок, баатыр канетет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →