өзгөр

китептерде 32 жолу, 10 китепте
  1. Мурдагыдай болбой башкача болуп калуу, башкача боло түшүү, өнүгүп башкача болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай, терек өспөдү, / Какшап калкы өксөдү, / Атактуу Кеңкол жети төр, / Ыраңы кетип өзгөрдү, / Талаанын баары чаңдады, / Канаттуу учпай калганы, / Көлдөрү толкуп чайпалды, / Токтобой Талас чайкалды, / Башы бүтүн, боору эсен, / Ыйлабай киши калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…майлык, / Угузкандан тараган, / Атагы алаш элине, / Арка болор муун тууп, / Буурултокой деп айтып, / Актокой аты жоголуп, / Буурултокой ат конуп, / Жердин атын өзгөртүп, / Конду Жакып ат койуп, / Ого бетер байлыгы, / Күчөп кетти мал толуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чакыртып алды шум кызды, / Элди бузган бул кызды, / Эшиктен кирди суйсайып, / Өңү өзгөрүп кумсарып, / Жанаша барып олтурду, / Тапан ханга түз барып, / (Жан кишиге билинбей, / Арачынын келгенин, / Чойтолоңдун кептерин, / Угуп турган “кыз” барып.) / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайында чыккан жайлоого, / Жай өтүп, жакын күз жетип / Кызыл-тазыл гүл бүткөн, / Кыйартып өңүң өзгөртүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →