өзгө
- Башка, чоочун, жакын эмес, тааныш эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошондо Манас кеп айтат, / Кеп айтканда эп айтат: / — Ой, Алмамбет, жан досум, / Өзүң жалгыз зордойсуң, / Өзгөнүн баарын кордойсуң, / Башың жалгыз зордойсуң, / Башка элдин баарын кордойсуң, / Антип жүрсөң болбойсуң, / Акыры бир күн оңбойсуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыр алдырып өз элге, / Шылдың болуп өзгө элге, / Антип тирүү жүргөнчө, / Айтканым айткан эме эле, / Касиеттүү Тапан хан, / Кара каш сулуу тажаалдан, / Акылдашып кеп алып, / Эп келгенин эм алып, / Салгылашып көрөйүн, / Колго тийсе кокустан, / Чойтолоң, Тапак, Тазкара, / Жүрөгүн тирүү жулайын, / Өз майына куурайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрүнөт өзгө түгөнгүр, / Бүкүлү тоо жылгандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
—дегендей болду, өзгөлөргө угуз-бай, жолоочунун өзү гана уккудай кылып, акырын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →