өжөрлөн

китептерде 28 жолу, 6 китепте
  1. Айтканынан кайтпай тырышып жатып алуу; көшөрө тырышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойлоп болгон Йобалы, / Уйалбай кантип барарды, / Өлтүрөйүн сени деп, / Өткүр найза колго алды, / Өжөрлөнүп өчүгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качырышып сайышып, / Сайдырбастан кагышып, / Апыр-шапыр алышып, / Айанбастан барышып, / Каңкылдата калышып, / Каршы-терши кайчылап, / Канжарды тиреп майышып, / Ээрдин бекем тиштенип, / Өжөрлөнүп тайышып, / Кезекке тура калышып, / Кезгерип кайра сайышып, / Бирин бири жеңген жок, / Кызыл канга малышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өжөрлөнүп ыйлайсың, / Ойлоп көрчү, көк кемпир, / Өлөрү Сейит эп бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…Кыз Куйалы акырып, / Манастап ураан чакырып, / Үнүн угуп Сарыбай, / Эң эле жаман шашылып, / Камчыга атын бөлөдү, / Куу найзаны өңөрүп, / Алдынан тосо жөнөдү, / Өжөрлөнүп Сарыбай, / Колунан кетип өнөгү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзү да бар бир тоодой, / Өчөшкөнүн куткарбай, / Өжөрлөнсө кишинин, / Өзүн бутун жуткундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →