өжөрлүк
- Ойлогонунан, айтканынан, кылып жатканынан баш тартпагандык, кайтпагандык, ошондой кылам деп аракеттене бергендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өжөрлүк кылсаң тил албай, / Бүгүн менден өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып салышып, / Кан жүткүрүп сен өлбөй, / Кыргыздан кантип качабыз, / Карагай найза өңөрбөй, / Кишини киши жеңеби, / Өжөрлүк кылып көгөрбөй?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Балаң менен ишим жок, / Барсам сыйлар кишим жок, / Басса ажал тоосу, / Башымды сактар итим жок, / Койсоңчу, ызгыч коштобо, / Жолуман чыгып торгобо, / Өжөрлүк кылып өлүмгө, / Өзүңдү өзүң зордобо, / Айдаркандын Көкчөдөй, / Жалгызсың деп кордобо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чириген бөздөй ыдырап, / Бүчүлүктөр калбады, / Өрттөнүп өлгөн Кыйаздын, / Өжөрлүгү кармады, / Түшө калып Күрөңдөн, / Эр Гүлстөн жолборсту, / Жакасынан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өжөрлүгүн көрүнттү, / Дары төгүп, май чачып, / Өрттөп ийди өлүктү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →