өгөй
- Жат, өздүн карама-каршысы.
- Өз баласы эмес; өз эне-атасы эмес; өз боору эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токугула атымды, / Токтобостон жөнөймүн, / Бар турса жаным көөдөндө, / Багынууга өгөймүн, / Башын кесип алмадай, / Канын суудай төгөйүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байыркынын нускасы, / Кандай сонун балбан кеп, / Чакырган жок башканы, / Калгандарда жок окшойт, / Өгөй татоо болгон кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шаар билгисин саа берем, / Улук болдуң сен Сатай, / Бир жумуш бар сен кылар, / Бачымырак бол, Сатай, / Коктукаттын шаарында, / Көз каранды аларга, / Окмогой менен Чокмогой, / Эки агам бар алып кел, / Өгөй энем анда бар, / Үйүндө жатып калбасын, / Аны кошуп алып кел, / Башка киши жумшаба, / Сатай өзүң барып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Өгөй энеңер силерди өлтүрүп, өпкө-бооруңарды алып келгин деп мени жиберди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →