өгө
- Курчутуу же жылмалоо үчүн өгөө менен сүрүү.
- өт. Жөн жерден эле кыйыктап адамды кемирип-кесүү, жемелөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найза өтпөс, ок өтпөс, / Өгөтүп туруп болоттон, / Ширелткен экен тердигин, / Сары жез менен каптаткан, / Быйданадан желдигин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өгөөсүн басып калыпка, / Ийрегин өгөп курчутуп, / Камын кылып жатканда, / Ат дабырты тарсылдап, / Жакын келип калганда, / Аспун окуп, дуба окуп, / Кеп чач кийип башына, / Жаздырам деп Сейитти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде карасаң, / Арстан туулган эр Семең, / Айласы арбын эр немен, / Чоролор менен кеңешип, / Кандай күндөр болот — деп, / Айбалта, кылыч өгөшүп, / Казактардын көп колун, / Буктурма кылып салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →