өгүз
- Уйдун эни алынган эркеги (ноопаздан өйдөкү жаштагысы).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыгы жайдын күнүндөй, / Бетинен чыккан сары түк, / Өгүз, айуу жүнүндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өгүз минип өпөйүп, / Өлөсөлүү чал келет, / Карысы бар, жашы бар, / Катын- эркек аралаш, / Калбай баары бүт келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Түшкө жакын, чегедек жүктөп келебиз деп, күрөң өгүзгө учкашып алып, Бейшемби экөөбүз тоого кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →