өбөктө

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Эңкейибирээк тартып, бүкүрөйгөнсүгөн абалда болуу, эңкейе таянып, жөлөнгөндөй, өңкөйгөндөй абалда болуу.
  2. Бүкчүйүү, бүкүрөйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Асынганы асказан, / Атышты алып ойуна, / Мылтыгын алып дүрмөттөп, / От койуп милте түтөтүп, / Арта салып ачадан, / Тиктеп жатты өбөктөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үдөй үзүлүп, / Уктаган көп шылкылдап, / Уйкунун же деп дартынан, / Жүрө албаган себептерден, / Чыга тартып артынан, / Артып жүргөн андан көп, / Мине албай атка өбөктөп, / Өйдө бол деп жөлөктөп, / Антип жүргөн мындан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көнүк болгон кызыл лөк, / Терекбай келет өбөктөп, / Терекбайга Сейитим, / Шилтетип чокмор чаптырбай, / Керээз кебин айттырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Экөөбүз тең көпүрөнүн жыгачына жөлөнүп, сууга карап өбөктөп турабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →