өбөк
- Жөлөк, тирек, таяныч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чымырканып чыйралып, / Өрдөктөй мойнун узартып, / Кузгундай көзүн кызартып, / Өзүнө өзү сөз айтып, / Өжөрлөнүп Калдык хан, / Кара сурдун үстүнө, / Таш өбөктү салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бириңе бириң жөлөк бол, / Карыңа жашың өбөк бол, / Азыңа көбүң одок бол, / Колуңда барың тартынбай, / Коржоңдобо байыңар, / Колунда жокко кайрылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Саралага салбаңдап, / Таш өбөктү салайын, / Көп жылкынын чаңына, / Көрүнбөй кирип алайын, / Жолукса Жолой чоң дөөнү, / Көмө койуп жыгайын, / Жолойдун аты Ачбуудан, / Анык тартып алайын, / Айма…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бет алган жакка жол салган, / Баатырлык кылып жоо сайган, / Беттешкенди сулаткан, / Аттуу балбан, жөө балбан, / Ылгабай баарын тең алган, / Эңкейген жерде өбөгүм, / Аркамда жөлөк тирегим, / Көкбука, калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төрө Манас баатырдын, / Тукумунун өбөгү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →