үңү

китептерде 346 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсенин асты жагынан ичин карай оюу, казуу, оюп кирип кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ачуусунан айбандын, / Оозунан көбүк чачылып, / Үнү күндөй күркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кой марек болуп сыдырса, / Жумшайт беле тилдерим, / Суйсалдын мээри табылса, / Кирет беле күчтөрүм, / Үнүңдөн кылам бодолго, / Сен окшойсуң Гүлүстөнүм... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →