үңкүр

китептерде 45 жолу, 10 китепте
  1. Жердин чуңкур казылган жери, чуңкур жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк мен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үңкүрдүн ичинде түрдүү тамак-аш бар, өзүң ошол тамак-аштан ичип жата бер, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →