үшү

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Сууктун, муздактыктын таасири менен муздоо, тоңуу, муздаган, тоңгон абалга келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перини тиктей делейип, / Бекбача катып селейип, / Ачкан оозу жумулбай, / Тиктеген көзү ирмелбей, / Үшүгөндөй калчылдап, / Бекбачанын көзүнө, / Деңиз толкуп жаткандай, / Жердин бети калкылдап, / Колу буту токтобой, / Титиреп турат калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кар жааганды билбесе, / Карды көзгө илбесе, / Борошо жаанды билбесе, / Суукту көзгө илбесе, / Ызгаарлуу шамал борошо, / Үшүп үйгө кирбесе, / Суу ордуна май жесе, / Сууктук тамак жебесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Аты эчен тайылып, / Ойдуңга калса тушугуп, / Жыгылчудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Адам тепсеп турган жер, / Жалтыраган муз болду, / Үч кубулуп жер бети, / Мына мындай иш болду, / Найзасын уруп кагыш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыштын күнү болгондо, / Колу үшүп кетет деп, / Кой макмал менен каптаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүн деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →