үчүн

китептерде 543 жолу, 10 китепте
  1. Максатты, себепти көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кытайдан келген Кылжейрен, / Кызыккандай элирген, / Байкасаң көзү башкача, / Күйгөн шамдай керилген, / Алмамбет дайым таңданып, / “Бактыма бүткөн ат” – деген, / Ошол үчүн казактан, / Күлүк бер мага дебеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мына, Большевиктер ушул үчүн гана жаралган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →