үтүрөй

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жаман көз менен карап, кабак бүркөө, кабак чытуу, түнөрүү.
  2. Начар, жупуну көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылычка андес Көкбука, / Айры шили кара куш, / Кыйа чаап өттү эми, / Жер кучактап балбаны, / Намысы колдон кеткенде, / Үрөйү учуп Сулаймат, / Ооругандай ич сыздап, / Үтүрөйүп турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Казак кыргыздын айылын аралап жүргөндө да, непир дандырдай болгон ак үйлөрдөн кур чыгып кайдагы бир үтүрөйгөн жаман үйлөр берер эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →