үстөмөндө
- Көмкөрөсүнөн, үстөмөнүнөн жатуу, жыгылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Белиндеги кылычын, / Чечип алса белинен, / Кантесиң деп айтпады, / Кулагын басып кол колдоп, / Үстөмөндөп жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чалкалаган бадырек, / Чаңдуубоздон кулады, / Үстөмөндөп кучактап, / Кара жерге сулады, / Аны кудай урганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көргөндүн баары коркушуп, / Карап турган бир жан жок, / Үстөмөндөп жыгылып, / Кооп жүргөн бир жан жок, / Өзү мурун Кененим, / Дос болушкан куш менен, / Бушмандуу күнү кез болду, / Чаршемби күнү түш менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип айтканда, / Ачуусу келип Канчоро, / Алы жок турган немени, / Жалпагы менен балтанын, / Далыдан ары чапканда, / Үстөмөндөп жыгылып, / Мурдуна топо тыгылып, / Оозунан каны куйулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Үстөмөндөп жыгылды, / Кулаган тоо шекилдүү, / Томкорулуп тоо кулап, / Көчкөн сыйак көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →