үстө
- Кошумчалоо, үстүнө кошуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабылан Манас элжиреп: / — Каадасы менен келдиң — дейт, / Кат жазуучу үстөлдү, / Сага, Сыргак, бердим,- дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кат жазуучу үстөлүң, / Жан-жанынан ойдурган, / Жакут таштан койдурган, / Сары алтын бөрктөлүү, / Дүбөтү менен калемин, / Үстүнө катар койдурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алтын үстөл, керебет, / Үстүнө жайа салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →