үстүртөн

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Үстү жагынан, жукалап, кайпалата, уч жагынан.
  2. Жалпы жонунан, жондотуп, анчалык терең эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ач кыйкырык - куу сүрөөн, / Арстандын атын чакырып: / “Үстүртөн тийсем качырып, / Төбөдөн ылдый жапырып, / Далайы өлөр бей арман, / Эрлерин албай элин чаап, / Антип жүрүп жоо алган, / Ошол эрге эң жаман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эндиреп жаткан чочкону, / Эмчектин асты көбүк эт, / Үстүртөн найза мадады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Үйдөй болгон чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Токто кылбай үйдө таш, / Үстүртөн ылдый чапканда, / Астыртан өөдө какканда, / Карсылдаган үн чыгып, / Көгөргөн түтүн буу чыгып, / Жарактан айла болбоду, / Жалаң бойдон колдору, / Куралдан айла болбоду, / Кургак калды колдору. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →