үстүнкү
- Жогорку, үстү жактагы, астынкынын карама-каршы жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балтыр эти баладай, / Көкүрөктүн кеңдиги, / Тай чабуучу талаадай, / Ай балкайы жиктенип, / Чөп ташуучу чанадай, / Алдыңкы ээрди түйрөйүп, / Ат мине албай нар минип, / Буту жерге сүйрөлүп, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Дал ортосу далдайып, / Көзү экөө болбосо, / Макил дөө келип калгансып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз башыңды, Кубатай, / Үстүнкү тоочо болжодуң, / Кубарган чөптөр шуудурак, / Сени мен ошончолук болжодум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кемпирди карап тиктенип, / Алдыңкы эрди кем ээк бу, / Үстүнкү ээрин тиштенип, / Кичинекей сарыбашыл / Албарстыдай үксөйүп: / — Эриң Шыгай унчукпай, / Эсирипсиң, Калтырбаш, / Эркиңе койуп далай жыл, / Каман болуп талаада, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…а, / Кумарык, Арал, Азыкка, / Ак калпак кыргыз эл жердейт, / Ошолордун баарына, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Алты шаар, Анжыдан, / Кетментөбө, кең Жумгал, / Үстүнкү бөксө Алайдан, / Калбай келсин баары адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →