үстү-үстүнө

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Кайра-кайра, кайта-кайта, улам-улам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үстү-үстүнө дембелеп, / Өчүгүшкөн иттердин, / Өзүнө жерди каздырдым, / Үстүнө жыйган таштарга, / Нук деп катты жаздырдым, / Тетир сууда өлгөнгө, / Калмак обо болсун, деп, / Унутпаска айттырдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өбөктөй түшүп Тору атка, / Үстү-үстүнө камчы уруп, / Тулпардын салып күчүнө, / Топтон чыкты суурулуп, / Кар жиликтьин булчуңдан, / Кара кан агып чубуруп, / Кылчайып артын караса, / Эл азайган суйулуп, / Качырып кирди кыргызды, / Кайта артына бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кодо эмес коркойуп, / Узун эмес, койкойуп, / Семиз эмес тултуйуп, / Жоон эмес култуйуп, / Узун эмес сүлкүлдөп, / Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, / Эти жадоо кагалес, / Өтө мыкты чабендес, / Ыкшоолук кылсаң элебей, / Тогуз-он койуп жиберет, / Үстү-үстүнө дембелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Борбуйдан тери тамчылап, / Ого бетер Каргалдай, / Үстү-үстүнө камчылап, / Керменбай айлы бар жерге, / Кой эти бышым келди эле, / Салам айтып эшиктен, / Каргалдай бала кирди эле, / Кирген жерде Керменбай, / Кеп барлыгын би… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →