үртүк

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Жасалгаланган, кооздолгон ат жабуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…деп чакырып, / Же тосуп алган жери жок, / Алдымдан киши чаптырып, / Же тартуу кылган иши жок, / Кызыл алтын чачтырып, / Жетелеп чыккан аты жок, / Же жолборстон үртүк чаптырып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…аныкей, / Атың менен тонумду, / Катар тартуу кылайын, / Сурап келип абамды, / Өз колуман даам берип, / Батасын алып калайын” / Акборчукка Накылай, / Жолборстон үртүк жаптырып, / Ак дейилда, асыл тон, / Аты менен кошо алып, / Жетелеп келе жатканда, / Каныкей калды жолгошуп, / Тура калып Накылай, / Алдынан утур жол тосуп: / —… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Табылабы жылкынын, / Мындай сонун элеси, / Айбандан баалуу күрөң ат, / Берүүгө келген кезеги, / Байлалуу турган кадаада, / Үртүгүн Күрөң алдырып, / Кенептен нокто салдырып, / Карматып Ажым чылбырын, / Алгын деп тура берди эле, / Күлүңдөшүп эки улан, / Күрөң атты жетелеп, / Дердеңдеп кирип келди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нда минген Сарала, / Кыл такыйа кызыл чок, / Таажысын кийип башына, / Таң калып көргөн адамзат, / Сайынган жынзы ташына, / Кеп кийимин кийиптир, / Карадан жаап үртүктү, / Айсарала миниптир, / Камчы уруп атына, / Калтыра сүйлөп шашыла, / Кангайлыкка кириптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хандын кызы Айчүрөк / Ак сакалдан кеп уккан, / Зайып да болсо Каныкей, / Салттуу кызмат кылды деп, / Койонаалы баланы, / Кабарчыга жиберип, / Үртүк чаап ат берип, / Мөөр басып кат берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →