үрпөңдө

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Сексейген, үрпөйгөн, селкилдеген көрүнүштө болуу.
  2. Ачуусу келүү, ачууланып урушуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Отур хан күүлөндү, / Ашка келген көпчүлүк, / Отордун көрүп түрпөтүн, / Үрпөңдөшүп коркушуп, / Урумдан келген усундар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эмне болуп кетти, деп, / Кандай укмуш жетти, деп, / Карылары үрпөңдөп, / Кабактарын бүркөшүп, / Укмуштанган жаштары: / “Оңой эмес бул сурнай, / Арзан эмес бул керней, / Койгун, балам, шүк” дешип, / Эл чогулуп келгенде, / Кененим … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үрпөңдөбөй коркконсуп, / Желелеп бээң байлагын, / Четинен уурдап жебесин, / Жайытын күндө айлангын, / Башкарып алгын малыңды, / Багып жаткын жаныңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кебиңдин айткын чындыгын, / Деп, муну айтып сакчылар, / Үрпөңдөшүп турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үрпөңдөгөн, куу какбаш, / Үрпөңдөбөй тим отур! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →