үрпөк
- Үрпөйгөн, үксөйгөн, сексейип турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Узартып кайдан турайын, / Айтып баргын ал–жайын, / Келер болсо тез келсин, / Аз келбесин, көп келсин, / Үрпөк баштуу туу келсин, / Жер айрылган чуу келсин / Бизге келчү Бадыкөл, / Агызып кетчү сел, дегин / Үй токтоткус жел, дегин, / Көңтөй менен Шооруктан, / Канча өйдө эр дегин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темиркандын Ысмайыл, / Бешке чыккан бала экен, / Орускандын ошондо, / Үрпөк деп кызы бар экен, / Кылжейренде Карахан, / Сөйкө салып ошого, / Башына берген чагы экен, / Бир күнү жарап жуп кызга, / Кылжейрен баалуу мал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…актардын Уушаңы, / Кедендердин чоң Жолой, / Манжулардын Нескара, / Кечилдердин Коңурбай, / Кеңешкордон жетөө бар, / Келип кирди ушулар, / Улам-улам эл келди, / Үрпөк баштуу туу келди, / Менменсинген эрендер, / Калбай баары бүт келди, / Аманат жанга күч келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →