үркөрдөй
- Анча көп эмес, аз эле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…мандан, / Жааган күндөй жыбырап, / Таласты кайда дегенсип, / Эми эле барып Таласты, / Талап алыш дем менен, / Үйөр аккан сел менен, / Үй токтоткус жел менен, / Үркөрдөй жылып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үч белден ашып калың кол, / Үркөрдөй кирет Кеңколго, / Биз эмине кылабыз, / Эй, жигиттер, ошондо?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жору куйрук, Кызыл алп, / Сөздүн жайын угуптур, / Сойлотойун баарын, деп, / Кырк миң аскер жыйыптыр, / Ат көтөрбөй өзү жөө, / Үркөрдөй болуп жылыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ындайда, / Аркасын карап кылчайбай, / Боздөктүргө жетиптир, / Эмгичекти берилеп, / Эл өчүнө келбептир, / Банус хан, Дөөхан дегендин, / Алардын шайы кетиптир, / Үркөрдөй өзүм жылбасам, / Бүркүттөй колум сунбасам, / Кыргыздан чыккан тентекти, / Жыпжылма, түптүз кылбасам, / Кызыл канын чубуртуп, / Кылычтан башын кыйбасам, / Шоору…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бозучуктун сеңирге, / Үркөрдөй болгон үч берен, / Күн шашке мезгилде, / Көк белеске келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →