үркөр

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Асмандагы топ жылдыз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортосу көкжал темирди, / Өзүм иштеп чыгарам, / Үч темирден курсам, / Үйгө койсоң үркөр боо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Жыйнап атса Замбирек, / Андай күндөр кез келсе, / Сандолун десе эп келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйдө турса Үркөрбоо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Чындап атса замбирек, / Сандолун болчу жерлерин, / Көрсөтүп берди Бөлөкбай, / Кереметтүү пенттерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сабага кымыз ачытат, / Чыкканча үркөр жеринен, / Ууз кымызга канышат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сексенди бөлүп саандан, / Санаты артык жаандан, / Асманга үркөр чыкканча, / Кымызына ал канган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →