үргүлө

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Бир аз уктап кетүү, чала уйкуда болуу, уйку-соонун арасында болуу, уйкусурап магдырай түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбектин алганы, / Бай Калилдин кызы эле, / Көзүн жумуп үргүлөп, / Чочуп кетип кеп айтчуу, / Касиеттүү киши эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Көкчөнү, / Кайран Сыргак турбады, / Манастап ураан чакырып, / Телкызылга камчы уруп, / Кыйкырыгы Сыргактын / Адамдын баарын чочутуп, / Үргүлөгөн эчендин, / Уйкудан көзү ачылды, / Телкызылдын артынан, / Топурак көккө чачылды / Каракалпак кыргагы, / Хан Жакыптын Сыргагы, / Сундуруп найза тартпаган / Сумса… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буластай басып Буудайбек, / Сүйүнүп ойго жеттим, деп, / Буудай арак куйуптур, / Суусуну канып туруптур, / Үргүлөтүп көздөрүн, / Көкчөнү кудай уруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Менин кезегимде от жагып отуруп, үргүлөп кетсем керек, маңдайымда кактанып отурган кожоюнубуз бир кезде: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Канаттуудан айла болбогондой кийин бала жүрүп олтуруп, бутун шилтей албай, каруусу калбаганда "өлсөм дагы адам жатпас дөбө деген дөбөгө жетип этимди карга, кузгун жесин" деп, башына таяк жасап, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →